22-сентябрда күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жамгыр жаайт. Башка аймактарда жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31,
Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28,
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26,
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 21…26,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…+1, күндүз 8…13°.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 14…16, күндүз 29…31°.