Эртең, 22-сентябрда өлкөнүн кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27;
Талас жергесинде түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;
Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 20…25;
Бишкекте түнкүсүн 8…10, күндүз 24…26 градус болот.