23-августка караган түнү Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22 күндүз +27…+32
Талас облусунда түнкүсүн +1…+6 күндүз +17…+22
Баткенде түнкүсүн +10…+15 күндүз +25…+30
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15…+20 күндүз +27…+32
Ысык-Көлдө түнкүсүн +16…+21 күндүз +28…+33
Нарын облусу түнкүсүн +11…+16 күндүз +20…+25
Бишкек шаарында түнкүсүн +19…+21, күндүз +28…+30 градус болот.