• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

23-августта күтүлгөн аба ырайы

22 Баш оона 202215:09 Бишкек Govori.TV

23-августта Кыргызстандын аймыганда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28;

Талас жергесинде түнкүсүн 4…9, күндүз 21…26;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

Нарындын өрөөндөрүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 24…29;

Бийик тоолордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 10…15 градус.

Бишкекте күн ачык болот. Абанын табы түнкүсүн 12…14, күндүз 26…28° жылуу болот.

Количество просмотров: 242