• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

23-декабрга карата аба ырайы

22 Бештин айы 2023 16:34 Бишкек Govori.TV

23-декабрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метр, Чүй облусунда 15-20 метрге чейин жетет. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз +11…+16,

Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +9…+14,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +4…+9,

Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…+3.

Бишкек шаарында түнкүсүн 0…+2, күндүз +14…+16 градус жылуу болот.

Количество просмотров: 335