«Кыргызгидромет» кабарлагандай, 23-июнда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар, Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 24…29,
Талас облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 23…28,
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 16…21, күндүз 26…31,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29,
Нарындын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6, күндүз 8…13°.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19°, күндүз 27…29 градуска жетет.