Эртең, 24-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу аймактарында кар жаайт деп кабарлады. Күндүз көпчүлүк облустарда жаан-чачын болот.
Абанын температурасы:
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20,
Талас облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 16…21,
Чүй облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 19…24,
Бишкек шаарында түнкүсүн 11…13, күндүз 21…23°.