Эртең, 24-декабрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3;
Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4;
Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -7…-12;
Бишкек түнкүсүн -8…-10, күндүз 0…+2 градус болот.