• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

24-июнда күтүлгөн аба ырайы

23 Кулжа 202314:51 Бишкек Govori.TV

Эртең, 24-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33,

Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30,

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +30…+35,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30,

Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +24…+29.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +29…+31 градус болот.

Количество просмотров: 232