Эртең, 23-майда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт.
Аба температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28,
Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27,
Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +12…+16, күндүз +26…+31,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +6…+11, күндүз +18…+23,
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +23…+25 градус болот.