• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

24-сентябрда күтүлгөн аба ырайы

23 Аяк оона 202417:48 Бишкек Govori.TV

24-сентябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондорунда жаан, кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25;

Баткен облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24 градус жылыйт.

Бишкекте жаан-чачын жок. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15 °, күндүз 26…28° жылуу болот.

Количество просмотров: 229