• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

25-апрелде күтүлгөн аба ырайы

24 Чын куран 2024 14:48 Бишкек Govori.TV

25-апрелде күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы 12…14°, күндүз 21…23 градус жылуу болот.

Количество просмотров: 465