Эртең, 25-июлда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 20…25, күндүз 35…40;
Таласта түнкүсүн 15…20, күндүз 33…38;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 21…26, күндүз 36…41;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32;
Нарында түнкүсүн 9…14, күндүз 30…35;
Бийик тоолордо түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19 градус.
Бишкекте түнкүсүн 22…24, күндүз 38…40 градус ысык болот.