• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

25-мартта күтүлгөн аба ырайы

24 Жалган куран 202515:52 Бишкек Govori.TV

25-мартка караган түнү көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Абанын температурасы:

  • Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +8…+13
  • Талас облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +7…+12
  • Баткенде түнкүсүн +7…+12, күндүз +11…+16
  • Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +11…+16
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +7…+12
  • Нарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +7…+12
  • Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн +5…+7°, күндүз +9…+11 болот.
Количество просмотров: 209