Эртең, 25-октябрда түнкүсүн жана күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан жаайт, тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн +2…+7, күндүз +13…+18,
Талас облусунда түнкүсүн +0…+5, күндүз +12…+17,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16,
Нарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +9…+14.
Бишкек шаарында түнкүсүн +5…+7, күндүз +14…+16 градус болот.