Эртең, 25-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 25-январда кечке жакын Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12;
Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10;
Баткен,Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3 градус, күндүз 7…12;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5 градус болот.
Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, ал эми күндүз 0…-5 градус болот.
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -25…-30, күндүз -6…-11° градус суук болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн -1…+1, күндүз 9…11 градуска чейин жогору болот.