• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

26-апрелде күтүлгөн аба ырайы

25 Чын куран 2024 14:46 Бишкек Govori.TV

26-апрелге караган түнү Чүй, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын болот. Бийик тоолуу жерге кар түшөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22,

Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 18…23,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18,

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5°.

Бишкек шаарында мезгил мезгили менен жамгыр жаайт. Түнкүсүн 9…11, күндүз 19…21°.

Количество просмотров: 507