26-мартка караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жаан, кар, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15;
Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 8…13;
Баткен облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…+4, күндүз 7…12;
Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14.
Бишкек шаарында абанын түнкү температурасы 0…-2°, күндүзгү температурасы 12…14° болот.