Эртең, 26-октябрда көпчүлүк аймактарда, тоо этектеринде жаан жана кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 5…10;
Талас жергесинде түнкүсүн 2…7, күндүз 5…10;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 6…11, күндүз 9…14;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 9…14;
Нарында түнкүсүн 0…5, күндүз 7…12;
Бишкекте түнкүсүн 6…8, күндүз 8…10° градус жылуу болот.