Эртең, 26-январда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз -3…+2;
Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз -4…+1;
Баткен,Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3 градус, күндүз 3…8;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6 градус болот.
Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, ал эми күндүз 0…-5 градус болот.
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -22…-27, күндүз -7…-12° градус суук болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн -1…-3, күндүз 0…-2 градус суук болот.