• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

27-декабрда күтүлгөн аба ырайы

26 Бештин айы 2023 14:24 Бишкек Govori.TV

27-декабрга караган түнү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Талас облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +3…+8,

Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +2…+7,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +4…+9,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +1…+6,

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…+2.

Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +6…+8 градус жылуу болот.

Количество просмотров: 736