• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

27-майда күтүлгөн аба ырайы

26 Бугу 2022 14:36 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 27-майда түнкүсүн өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Аба температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30,

Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28,

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25,

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23.

Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +28…+30 градус болот.

Количество просмотров: 64