27-мартка күтүлгөн аба ырайы
27 Жалган куран 2018 9:19 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 27.03.2018. Govori.TV.
27-март күнү көпчүлүк аймактарда жаан жаап, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.
Чүй өрөөнү менен Таласта 14…15, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарында 1 3…18 градус жылуу болушу күтүлөт.
Ал эми Бишкек шаары менен Ош калаасында нөшөрлөп жамгыр жаап, күндүн табы 15…16 градуска чейин жетет.
Подписаться:
Количество просмотров: 24