27-ноябрда Кыргызстандын аймактарында жаан-чачын жаабайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 12…17,
Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 12…17,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9,
Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 1…6.
Бишкекте абанын температурасы -1…+1°, күндүз 14…16 градус жылуу болот.