• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

28-декабрга карата аба ырайы

27 Бештин айы 2023 16:25 Бишкек Govori.TV

Эртең, 28-декабрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Талас облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…0, күндүз +10…+15,

Талас облусунда түнкүсүн -6…-1, күндүз +7…+12,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +11…+16,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +1…+6,

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -10…-5.

Бишкек шаарында түнкүсүн -2…0, күндүз +13…+15 градус жылуу болот.

Количество просмотров: 456