• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

28-июнга карата аба ырайы

27 Кулжа 2023 13:30 Бишкек Govori.TV

Эртең, 28-июнда өлкөнүн тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 28…33,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +31…+36,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +20…+25,

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27.

Бишкекте түнкүсүн 16…18, күндүз 30…32 градус болот.

Количество просмотров: 140