• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

“Мыкты аскердик бөлүк-энелердин көзү менен” жана “Жоокерлердин ден соолугу көзөмөлдө”,- аттуу конкурстарын жыйынтыктоо салтанаты болду

25 Баш оона 2018 22:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 24.08.2018. Govori.TV

 “KG ГРУПП” курулуш компаниясы демөөрчүлүк кылган Республикалык жоокерлердин энелер комитети жана КР куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабы менен биргеликте уюшулган “Мыкты аскердик бөлүк-энелердин көзү менен” жана “Жоокерлердин ден соолугу көзөмөлдө”,- аттуу конкурстарын жыйынтыктоо салтанаты болуп өттү.
 Сынакты жыйынтыктоого “KG ГРУПП” курулуш компаниясынын президенти Имамидин Ташов чыгып сүйлөп, жоокерлерге дем-күч берген каалоо-тилектерин айтып, учурда аскердик кызмат өтөөдө кырсык болуп жатканына түйшөлүп турганына токтолуп, кыргызстанга кызмат кылгандаргы кайрымдуулук кылууга ант берди.
 Жеке ишкер Имамидин Ташов кыргыз армиясына колдоо көрсөтүү менен бирге жаштарга үлгү болуп, ар бир кыргыз жараны коомго жардам берүүнү милдет кылуусу керек деген максатта иш алып барып келет.
 Республикалык жоокерлердин энелер комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатованын айтымында бул сынактын жеңүүчүлөрүн, жоокерлердин энелери ар бир аймактагы аскер түзүмдөрүн жана комиссариаттарын кыдырып жүрүп, атайын жоболордун негизинде аныкташкан.
Жеңүүчүлөр, Гран-При, диплом, кубок, баалуу белектер ошондой эле “Эне мээрими жана урматы” медалы менен сыйланышты. Мындан сырткары түрдүү номинация ээлери дагы сыйланышып, кубаныч менен кайтып кетишти.

Количество просмотров: 41