• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

29-апрелде күтүлгөн аба ырайы

29 Чын куран 202516:22 Бишкек Govori.TV

29-апрелге караган түнү Чүй облусунун айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жамгыр жаап, күн күркүрөйт.  Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +22…+27

Талас облусунда түнкүсүн +8…+13 күндүз +21…+26

Баткен облусунда түнкүсүн +14…+19 күндүз +26…+31

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14…+19 күндүз +26…+31

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12 күндүз +20…+25

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10 күндүз +22…+27.

Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +24…+26 градус болот.

Количество просмотров: 331