• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

29-июнда күтүлгөн аба ырайы

28 Кулжа 2022 15:27 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 29-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Аба температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38,

Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +31…+36,

Жалал-Абад, Ош Баткен облустарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +34…+39,

Ысык-Көл, Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30,

Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +29…+22, күндүз +36…+38 градус болот.

Количество просмотров: 864