• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

29-майда күтүлгөн аба ырайы

28 Бугу 2022 15:56 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 29-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында,  Нарын облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаап, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын кутүлбөйт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Аба температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +16…+21,

Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25,

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +17…+22,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +3…+8, күндүз +10…+15,

Нарын облусунда түнкүсүн 1…+6, күндүз +10…+15.

Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+11, күндүз +16…+21 градус болот.

Количество просмотров: 264