• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

29-мартта күтүлгөн аба ырайы

28 Жалган куран 202514:45 Бишкек Govori.TV

29-мартта түнкүсүн Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы сакталып турат. Мезгил-мезгили менен жаан жаашы, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +1…+6, күндүз +6…+11;

Таласта түнкүсүн +1…+6, күндүз +5…+10;

Баткен облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +4…+9;

Нарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10;

Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 0…+2°, күндүз +9…+11° болот.

Количество просмотров: 267