• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

29-сентябрга карата аба ырайы

28 Аяк оона 2023 14:40 Бишкек Govori.TV

Эртең, 29-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактында түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +13…+18,

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18.

Бишкекте түнкүсүн жана күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын  температурасы 12…14, күндүз 20…22 градус болот.

Количество просмотров: 519