• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

29-январда күтүлгөн аба ырайы

28 Үчтүн айы 2022 15:09 Бишкек Govori.TV

“Кыргызгидромет” борбору билдиргендей, 29-январда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, тоо этектеринде жаан, кар жаашы мүмкүн.

Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Кээ бир райондордо туман түшөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 1…6;

Талас жергесинде түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн -3…+2, күндүз 2…7;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6;

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…-7;

Бийик тоолордо түнкүсүн -23…-28, күндүз -8…-13 градус суук болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгил менен жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -1°…+1°, күндүз 4…6° болот.

Количество просмотров: 1282