Эртең, 3-февралда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Эртең менен жана күндүз Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт.
Кээ бир райондордо туман түшүп, тоо этектеринде жана жолдордун тоолуу бөлүгү тоңголок жана тайгалак болот, деп билдирди Кыргызгидромет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн -1…-6
күндүз -2…+3
Талас облусунда
түнкүсүн -2…-7
күндүз -2…+3
Баткен облусунда
түнкүсүн -2…+3
күндүз +2…+7
Ош, Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн -2…+3
күндүз +2…+7
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн -3…-8
күндүз 0…+5
Нарын облусунда
түнкүсүн -14…-19
күндүз -2…-7
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Туман. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1 градус болсо, күндүз +4…+6 градуска жетет.