Эртең, 3-июнда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +27…+32,
Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +26…+31,
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24,
Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +16…+21.
Бишкек шаарында түнкүсүн 13…15, күндүз температурасы 30…32.