3-майда түнкүсүн Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолорунда жаан-чачын болот. Түштүк-чыгыш тараптан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 22…27,
Талас жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 26…31,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24,
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…11°.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 15…17, күндүз 25…27°.