Эртең, 3-октябрда тоо этектеринде жана тоолуу аймактарында жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20;
Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;
Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20;
Бишкекте түнкүсүн 1…3, күндүз 16…18 градус болот.