Эртең, 30-августта Кыргызстандын көпчүлүк райондорунда жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33;
Талас жергесинде түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30.
Бишкек шаарында түнкүсүн 14…16, күндүз 28…30 градус ысык болот.