• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

30-июнда күтүлгөн аба ырайы

29 Кулжа 202214:33 Бишкек Govori.TV

30-июнда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолорунда, Талас облусунун тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Жалал-Абад облусунун өрөөнүндө, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.​

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 20…25, күндүз 33…38;

Талас жергесинде түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 20…25, күндүз 35…40;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;

Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31;

Бийик тоолордо түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17 градус.

Бишкекте түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын жаабайт, кечинде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 23…25, күндүз 36…38 градус болот.

Количество просмотров: 475