Эртең өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +18…+23,
Талас облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23,
Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +4…+9, күндүз +13…+18,
Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +10…+15.
Бишкек шаарында жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +19…+21 градус болот.