• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

30-сентябрда күтүлгөн аба ырайы

29 Аяк оона 2022 17:17 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет кызматы 30-сентябрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жамгыр, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт деп кабарлады. Жалал-Абад, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22;

Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 15…20;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 17…22;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6°.

​Бишкекте жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8, күндүз 20…22°.

Количество просмотров: 40