Эртең, 31-августта айрым облустардын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +27…+32,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34,
Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +25…+30,
Нарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +30…+32 градус болот.