• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

31-майга карата аба ырайы

30 Бугу 2023 16:28 Бишкек Govori.TV

Эртең, 31-майда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31,

Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +26…+31,

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27,

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +21…+26.

Бишкекте түнкүсүн +12…+14, күндүз +28…+30 градус болот.

Количество просмотров: 111