• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

31-октябрда күтүлгөн аба ырайы

30 Тогуздун айы 202415:43 Бишкек Govori.TV

31-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, кар жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Ал эми күндүз жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17;

Таласта түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…+4, күндүз 6…11;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10 градус жылыйт.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3° , күндүз 14…16° жылуу болот.

Количество просмотров: 171