• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

31-январда күтүлгөн аба ырайы

30 Үчтүн айы 202514:01 Бишкек Govori.TV

31-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймактарда, Баткен облусунун айрым жерлеринде кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…+5;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…+5;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз -4…+1;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2;

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндуз -5…-10.

Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн -5…-7°, күндүз -2…-4° болот.

Количество просмотров: 461