4-апрелде түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз, Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26
Таласта түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 22…27
Ысык-Көлдө түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23
Нарында түнкүсүн 1…6, күндүз 17…22
Бишкек шаарында түнкүсүн 12…14°, күндүз 23…25° болот.