• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

4-апрелге карата аба ырайы

3 Чын куран 2024 13:50 Бишкек Govori.TV

4-апрелде түнкүсүн Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.

Күндүз Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +9…+14,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +12…+17.

Бишкекте түнкүсүн +6…+8, күндүз +17…+19 градус жылуу болот.

Количество просмотров: 473