Кыргызгидромет кызматы 4-августка караган түнү Чүй, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтө турганын кабарлады. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын айрым райондорунда, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жерлеринде жамгыр жаайт. Батыш тараптан жел согуп турат. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33,
Талас жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31,
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28,
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29,
Бийик тоолуу жерлерде түнкүсүн -1…+4, күндүз 10..15°.
Бишкек шаарында түнкүсүн 17…19, күндүз 31…33° болот, өткүн өтөт.