Эртең, 4-июнда республика аймагында жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25,
Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24,
Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +22…+27,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз +14…+19,
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +23…+25 градус болот.