4-мартта түнкүсүн дээрлик бардык аймактарда жаан-чачын болуп, тоолуу райондорго кар түшөт. Күндүз Ысык-Көл облусунан башка бардык жерлерде мезгил-мезгили менен жаан жаашы ыктымал. Батыш тараптан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +10…+15,
Чүй, Талас дубандарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +9…+14,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8,
Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…+4,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25, күндүз -4…-9°.
Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Түндө -1…-3, күндүз +12…+14° болот.